USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен ооругандардын саны азайды

17:55, 09 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын биринчи жумасында курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен ооругандардын саны 13,5 пайызга төмөндөгөн. Бир жума аралыгында 2 миң 525 бейтап катталганы айтылууда. Ал эми өткөн жылдын акыркы жумасында 6 миң 87 бейтап катталган.

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу деп билдиришти министрликтен.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18