USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт

17:02, 08 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 9-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн 0...-5, күндүз +1...+6, Талас облусунда түнкүсүн −1...-6, күндүз +1...+6га жетет. Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн −2...-+3, күндүз +1...+6 болот. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −3...-8, күндүз −1...+4, Нарын облусунда түнкүсүн −18...-23, күндүз −9...-14 түзөт.

Бишкек менен Ошто 9-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18