USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугун текшербейт

11:46, 08 января 2019, Бишкек - 24.kg

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугун  текшербейт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Айтымында, эл өкүлү анын жеке маалыматын текшерүүгө макулдугун берген жок. Бахадыр Сулейманов өзү Казакстандын жаран эместигин айтууда. «Менде Казакстандын жарандыгы жок экендигин тастыктоочу баардык документтер бар», -деди ал.

Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов депутат Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугун БШК текшерүүгө алсын деген талап койгон.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18