USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Соттук реформалар алкагында керектүү мыйзамдарды кабыл алууну тездетүү керек

11:40, 27 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Сооронбай Жээнбеков соттук реформалар алкагында керектүү мыйзамдарды кабыл алууну тездетүүнү суранды. Бул тууралуу мамлекет башчы соттук реформалар боюнча отурумда айтып чыкты Ал билдиргендей, айрым мыйзам долбоорлор боюнча керектүү мыйзамдарды кабыл алуу кийинкиге жылдырылган.

«Эмне үчун мындай жай иш алып барып жатасыздар? Ыкчам иштөө зарыл. Мыйзамдолбоорлорду тезинен кабыл алуу керек. Ондун ичинен болгону 6оону кабыл алыпсыздар», -деп нааразы болду президент.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, жумушчу топ баардык мыйзамдуулукту карманууда.

«Макулдашуу жана коомдук талкуу үчүн убакыт керек. Ар бир этап үчүн бир ай кетүүдө. Азыр бизде бир мыйзамдолбоору калды, калгандары Жогорку Кеңештин кароосунда турат», -деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18