USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аткезчилик. 1 жарым миң литр күйүүчү-майлоочу май аныкталды

16:10, 24 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

17-декабрдан 24-декабрга чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын аймагынан аткезчилик жол менен ташылып келген 1 жарым миң литр күйүүчү-майлоочу май аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Казакстандан келген унааны текшерүү маалында жүк кармалды. Жүгү бар унаа жана айдоочу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүүбоюнча мамлекеттик кызматтын аймактык бөлүмчөсүнө өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, декабрдын башында дагы аткезчилик жолу менен ташылып келген 39 тонна күйүүчү-майлоочу май аныкталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18