USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга каражат бөлөт

15:28, 24 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Азия өнүктүрүү банкы калктын климаттык өзгөрүүлөргө жана кырсык коркунучтарына туруктуулугун бекемдөө максатында Кыргызстанга каражат бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда маалым болду.

Маалым болгондой, долбоордун жалпы бюджети — 43,6 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкынын каражаты — 38,6 миллион доллар, анын ичинде гранттык каражат — 16,8 миллион доллар, жеӊилдетилген насыя каражаты — 21,8 миллион доллар.

Өкмөт долбоорго 5 миллион доллар кошот. Насыя 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18