USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президент Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши тууралуу

12:33, 19 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишине  тиешелүү өз көз карашын билдирди.

Айтымында, Өмүрбек Текебаевдин иши баардык соттук инстанциялардан өттү. «Мен муну буза да, ага аралаша да албайм. Бир гана нерсе мыйзам боюнча арыз беришсе, мен аны кайра карап чыга алам», -деди ал.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев ооруканага жаткырылган. Ал № 47 тергөө абагынан кардиология бөлүмүнө 13-декабрда которулган. Учурда анын абалы туруктуу. Дарыгерлер аны ар дайым көзөмөл алдында болушу керектигин айтышууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18