USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда мигранттардын балдары тарабынан 425 кылмыш иши жасалган

15:08, 18 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери Кыргызстанда мигранттардын балдары тарабынан 425 кылмыш иши жасалган. Бул тууралуу тегерек столдо ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башкы тескөөчүсү Рашид Карабаев билдирди.

Айтымында, акыркы 11 айда жашы жете электерге карата 1 миң 291 кылмыш иши жасалган. Алардын 611и мигранттардын балдарына карата жасалган.

«Мигранттардын балдары негизинен талап-тоноо жана уурулукка аралашкан», -деди Рашид Карабаев.

ИИМ 11 айда короолорду текшерүүгө алып, ата-эне камкордугунан ажыраган 63 миң 767 баланы аныктаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18