USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Прокурордун өлүмү. Күнөөлүүнүн эжеси күбөнү коргоп калууга чакырды

10:05, 17 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда киши колдуу болуп каза болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө күбө Наим Дехканов сабалып, учурда операцияга муктаждыгы бар. Бул тууралуу прокурордун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун бир тууган эжеси Дамира Калыкова билдирди.

Айтымында, Наим Дехкановду 18-ноябрда Баткен милициясы жана прокуратуранын кызматкерлери сабап салышкан.

«Жыйынтыгында жабырлануучу операцияга муктаж. Ал оор жаракат алган. Наим Дахкановду менин бир тууганыма каршы тукуруп, аны каралоого аракет кылышкан. Бирок ал макул болбогон соң сабап салышкан», -деди Дамира Калыкова.

Эске салсак, 18-ноябрда Баткендин прокурорун өлтүрүп кетишкен. Аны сөөгү шаардын четинен табылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18