USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 32 өнөр-жай ишканалары өндүрүшүн кайрадан жандантты

12:17, 14 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда 32 өнөр-жай ишканалары өндүрүшүн кайрадан жандантты. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жылы 11 жаңы ишкана ишке киргизилип 550 жумушчу орундар түзүлдү.

Январь-сентябрь айларында, өнөр-жай субъекттеринин продукция өндүрүү суммасы 167 миллиард 981,6 миллион сом түздү. Ал эми «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, өндүрүштүн көлөмү — 107 миллиард 627,6 миллион сомду түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18