USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сокулук РИИБнын тартип сакчылары адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты

10:43, 12 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук РИИБнын тартип сакчылары адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу РИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Новопавловка айылынын көчөлөрүнөн белгисиз кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барган.

Кылмышка шектүү делип жаран кармалды. Ал кошунасын өлтүрөйүн деген ниети жок болгонун айтууда. Анын билдирүүсүндө, аялы экөө урушуап жатканда, кошунасы экөөнү ажыратып коюуну чечкен. Натыйжада кошунасы бычактан жаракат алып каза болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18