USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош жана Бишкек шаарларынын депутаттары футболдук мелдеште күч сынашат

11:20, 07 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ош жана Бишкек шаарларынын депутаттары футболдук мелдеште күч сынашат.

Шаардык кеңештин депутаттары мелдешти Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине багыттайт.

Мелдешке Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов баш болуп катышат.

Жаныбек Абиров видео-чакыруусун өз интернет баракчаларына жүктөп, аны Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов кабыл алгандан кийин мелдеш белгиленген.

Мелдеш Арча-Бешик конушундагы «Газпром» дене тарбия — ден соолукту чыңдоо комплексинде, саат 15-00дө өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18