USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эртең Бишкек I- Бишкек II станциясынын темир жол өткөрмөсү жабылат

17:55, 05 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Эртең поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек I — Бишкек II темир жол каттамынын 3778-чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө темир жолду оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Асаналиев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоо иштери болот.

«6-декабрда саат 21-00дөн саат 24:00гө чейин аталган аймакта транспорт каттамы жабылат жана Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Жүргүнчүлөрдөн келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз», — деп жазылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18