USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ашхабадда жолбун иттерди атуу өнөктүгү кайрадан башталды

09:53, 05 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ашхабадда кайрадан жолбун иттерди кармоо жана атуу иштери уланууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, коммуналдык кызматкерлер жолбун иттерди алгач жыгач жана темир союлдар менен сабап, андан соң кармап кетүүдө.

Түркмөнстанда мамлекеттик майрамдардын же коомдук-саясий маанилүү иш-чаралардын алдында жолбун иттерге аңчылык кылуу өнөктүгү күч алат.

​Кармалган иттердин андан аркы тагдыры белгисиз. Шаар бийлиги бул боюнча комментарий бербейт. Жаныбарлар укугун коргоочулардын айтымында, кармалган ит-мышыктарды өлтүрүп коюшат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18