USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкекте жарандык активисттер тынчтык митингин ѳткѳрѳт

08:45, 05 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА

Бүгүн Бишкекте жарандык активисттер тынчтык митингин ѳткѳрѳт. Бул тууралуу активисттер 24.kg агенттигине билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги ѳкүлчүлүгүнѳ кайрылуу жасап, суроо талаптарын киргизишет.

«Расмий Кытай бийлигинин, Кытайдагы этникалык топторго, анын ичинде кыргыздарга, казактарга, уйгурларга карата болуп жаткан адилетсиз кысымдарын токтотууну; расмий Кытай бийлигинин адам укуктарына каршы келген кадамдарына саясый баа берүүнү; өткѳрүлгѳн тынчтык акциясын талаптарын, БУУнун алдындагы Элдер Ассамблеясынын кароосуна жеткирүүнү сунуштайбыз», -дешет активисттер.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18