USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан өрдөк эти кармалды

17:55, 04 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан өрдөк эти кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чоң-Талаа айылында «Мерседес-бенц спринтер 412» унаасын текшерүү маалында жалпы салмагы 2 680 килограмм өрдөктүн тоңдурулган эти табылды.

Айдоочуда бажылык жактан таризделген товар коштоочу документтери жана ЕАЭБдин бажы аймагына ташып кирүүнүн легалдуулугун тастыктаган документтери жок болуп чыккан.

Кармалган товардын жалпы суммасы 656 миң 600 сомду түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18