USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Муфтият: Имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат

14:19, 04 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандагы имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, китеп Куран, фыкх, хадис, акыйда, тавсир, имамдын этикасы, мурас жана намаз убактылары боюнча иштелип чыгып, айыл аймактагы имамдарга колдонмо курал катары берилмекчи.

«Иштелип чыгуучу колдонмо китептер жеңилдетилип жазылып, аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталмакчы», -деп жазылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18