USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

11:02, 04 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 4-5-6-ноябрь күндөрү жергиликтүү тургундар бодо малдарын уурдап жаткан белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө мал уурулукка шектелип, Ноокат районунун 30 жаштагы тургундары кармалды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18