USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандагы ички миграциянын негизги себептери айтылды

11:47, 30 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандагы ички миграциянын негизги себептери айтылды. Бул тууралуу «Республика-Ата-Журт» фракциясынын отурумунда Миграция эл аралык уюмунун өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, аймактардын жашоочулары иш издөө үчүн тез-тезден жашаган жерин которуп турушат. Мындан тышкары ички миграцияга жумуштун жоктугу, жакырчылык, райондун экологиялык абалынын начардыгы себеп болууда.

«Дагы бир себеби, ала качуу. Ала качуунун курмандыгы болгон кыздар айылда калбай, башка жакка жер которуп кетишет», -деп билдиришти уюмдан.

Миграциянын башка себептери болуп, укук коргоо орагндарындагы көйгөйлөр жана диний көз караштардын туура келбегендиги эсептелет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18