USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Асылбек Кожобеков: Экс-президент ЖМК менен болгон мамилесин сот аркылуу чечсин

11:17, 30 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

КСДП фракциясынын отурумунда депутат Ирина Карамушкина журналисттердин каралоосуна дуушар болгон партиянын лидери Алмазбек Атамбаев эмне кылышы керек деп кызыкты.

Анын айтымында, мурунку президенттин сүйлөгөн сөздөрүн кесип, аны жаман жагынан көрсөткөнгө аракет кылышууда.

«Анын ар кайсы жылда ар башка сүйлөгөн сөздөрүн пайдаланышып, коррупционер катары көрсөтүшүүдө. Эл көрүп жатат. Сотко берсең кайра сөз эркиндигине тыюу салып жатышат дешет. Кандай кылыш керек?», -деп сурады депутат УКМКнын башчысынын орун басары Асылбек Кожобековдон.

Асылбек Кожобеков мындай суроону укуктук негизде, сотко кайрылып чечүү керек деди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18