USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутат: «Кыргыз темир жолу» ишканасында кош жарандыгы бар жетекчи иштейт

10:45, 29 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башчысынын орун басары кызматына казакстандын жарандыгы бар кишини дайындашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Айтымында, мамлекеттик компанияда башка жарандыгы менен Алымжан Хасанов иштеп жатат. Депутаттын пикиринде, стратегиялык объектте мындайларга жол берилбеши керек.

««Кыргыз темир жолу» — бул стратегиялык объект. Аны бул кызматка ким алып келди? Унаа жана жолдор министрлиги мындай чечим үчүн жооп бериши керек», -деди депутат.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18