USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чукул билдирүү. Апта аягына аба-ырайы бузулуп, кар жаайт

14:23, 28 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын аймагында 30-ноябрдан 1-декабрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. 1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Эске сала кетсек, 29-ноябрдан башкап Бишкек-Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Мындан улам жол маалы менен жабылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18