USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бир ай ичинде 2,7 миллион долларга медициналык жабдуулар сатып алынышы мүмкүн

11:36, 28 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бул жылы Саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын 11 миллион доллар каражатынын 2,7 миллион доллары жумшалбай калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

«Ал каражатка жыл аягына чейин медициналык жабдууларды сатып алуу зарыл. Дагы бир ай убакыт бар, тендер жарыяланган, анын жыйынтыгы чыкса, жабдуулар сатылып алынат», -деди ал.

Ал эми быйыл жетишпей калса, каражат келерки жылдын эсебине өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18