USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандыктар WMF тай боксу боюнча ачык чемпионатта жеңишке жетишти

09:07, 26 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандыктар Өзбекстанда өткөн WMF тай боксу боюнча ачык чемпионатта жеңишке жетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациянын президенти Сыргак Айталиев билдирди.

Айтымында, чемпионат Ташкентте 21-ноябрдан 25ине чейин болду. Беттешке Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Нигерия, Ооганстандан келген жана жергиликтүү спортчулар катышты. 

«400 спортчунун арасынан тогузу Кыргызстандын атынан беттешти. Алар 3 алтын, 3 күмүш жана бир коло медаль утушту», -деди Сыргак Айталиев.

Альберт Бактыбеков, Али-Хан Ергешов жана Анастасия Струкалина алтын медалдын ээси аталышты. Абдулазиз Туранбаев, Никита Цой жана Евгений Трубчанинов 2-орунду, Дмитрий Михайлечко 3-орунду камсыздады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18