USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сууга чөгүп кеткен жоокердин үй-бүлөсү компенсация катары 2 миллион сом алды

09:07, 23 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Августта Таш-Көмүр шаарында сууга чөгүп кеткен жоокердин үй-бүлөсү компенсация катары 2 миллион сом алды. Ал эми бөлүктүн командирине шарттуу жаза берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын көздөгөн өкүлдөр билдиришти.

Маалыматка караганда, процесс кече аяктады. Бирок, каза болгон жоокердин жакындары жоокерге тапшырма берген командирди түрмөгө кесилсин деп талап кылышкан.

Эске салсак, ӨКМнын издөө-куткаруу отрядынын жоокери иш убагында Нарын дарыясына чөгүп кеткен. Жакындары бул кокустук окуясына ишенишпейт.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18