USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Маршруткалар газга өтө турган болсо, анда аларды салыктан бошотуу сунушталды

11:18, 22 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги маршруткалар газга өтө турган болсо, анда аларды салыктан бошотууну сунуш кылды.

Анын пикиринде, дизелдик күйүүчү май менен иштеген автобустарды алып кирүүгө мораторий киргизүү керек. «Электромобиль же газ менен жүрө турган транспортторду алып келүү керек», -деди ал.

Депутаттын айтымында, маршруткаларга дагы стимул бериш керек. Алар газ боллондук жабдык орното турган болсо, анда салыктан бошотулушу мүмкүн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18