USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөттөн карышкырларды атууга жардам сурады

11:12, 22 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөттөн карышкырларды атууга жардам сурады. Мындай сунушту ал отурумда айтты.

Анын билдиргенине караганда, тоолуу райондордо аябай суук, мындан улам жырткычтар жем издөө үчүн ылдый түшө баштады. Мындай көйгөйгө Ысык-Көл, Нарын облустары жана Суусамыр өрөөнүнүн тургундары тушугууда.

«Нарын облусунан мага карышкырларды тез атуу керек деген кат келди. Өкмөт мергенчилерди табышы керек, болбосо жырткычтар 300гө жакын атты жеп салышы мүмкүн», -деди Камчыбек Жолдошбаев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18