USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Парламент күрөөканаларды жабууну сунуштады

15:34, 21 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеште «Күрөөкана ишмердүүлүгү тууралуу» Мыйзамга оңдоо киргизүү талкууга алынууда. Депутат Азамат Арапбаевдин айтымында, бул форма эскирип калды жана сүткорлук болуп саналат.
 
Анын билдирүүсүнө ылайык, күрөөканаларда пайызды эң жогорку көрсөткүч менен беришет. Мындан улам буюмдарын бергендер кайра аларды сатып ала алышпайт.
 
Мамлекеттик көзөмөл органынын башчысы Санжар Муканбетовдун айтымында, буга чейин аталган базарды Улуттук банк көзөмөлдөп келген. Кийин кароосуз калган. Өлкөдө канча күрөөкана бар экенин аткаминер айта алган жок. Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева күрөөканаларды жоюу боюнча иштер аткарылбай жатканына нааразы болду.
 
 
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18