USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тартип комиссиясы тарабынан 5 судья ээлеген кызматынан бошотулду

17:56, 20 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Сот системасын реформалоонун негизги милдеттеринин бири — судьялыкка талапкерлерди тандоонун сапатын арттыруу менен судьяларга карата ишенимди жогорулатуу. Бул тууралуу сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев, президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары жөнүндө айтып жатып билдирди.

Санжар Исабаевдин айтымында, жыл бою судьяларды тандоо боюнча Кеңеши тарабынан Президенттин наамына Жогорку сотунун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясы кызматына дайындоо үчүн 89 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Маектешүүнүн жана берилген кошумча материалдарды карап чыгуунун натыйжасында Президент 51 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын судьясы кызматына дайындоого макулдук берди.

«2010-жылы башталган өлкөдөгү соттук-укуктук реформа улантылууда», — деп белгиледи Санжар Исабаев.

Маалыматка караганда, судьялар Кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы тарабынан 5 судья ээлеген кызматынан бошотулду, 8 судьяга сөгүш жарыяланды. Ал эми 15 судьяга эскертүү, 50 судьяга алдын ала эскертүү берилди. 2 судьяны кылмыш жообуна тартууга макулдук берилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18