USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кардарына капчыгын кайтарып берген таксист Кайрат Тентимишевге жумуш сунушталды

12:06, 20 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Москвада жүргүнчү ташып иштеген кыргызстандык Кайрат Тентимишевго жумуш сунушталды. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Кайрат Тентимишев аэропорттон олтуруп, үйүнө жеткенде капчыгын таксиде калтырып кеткен кардарын сегиз саат күтүп, кайтарып берген. Ал тууралуу кардары Варя Борцова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Бирок, Варя таксисттин аты-жөнүн сурабай, телефон номурун албай калганын айткан.

Москвадагы такси түйүнү «Ситимобил» Кайрат Тентимишевго жумушка чакырып, ууна берип, бир айга комиссиядан бошотууну убадалайт. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18