USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте абадагы зыяндуу кара түтүндүн көлөмү 240 тоннаны түзөт

17:34, 19 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Жыл сайын Бишкек шаарында абадагы зыяндуу кара түтүндүн көлөмү 240 тоннаны түзөт, анын ичинен 180 миң тоннасы унааларга таандык. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар айлана чөйрөнү булгоочу эң алдыңкы булактардын бири болууда.

Учурда шаардагы кичи-автобустарды газ менен жүргөн көп орундуу автобус жана троллейбустарга алмаштыруу маселеси каралууда. Ал эми Кыргызгидрометрдин маалыматына таянсак, республикадагы шаарлардын абасындагы зыяндуу нерселердин деңгээли мурунку айга салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18