USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Оорулуу жана жашы жете элек соттолуучуларга мунапыс берүү каралат

09:53, 14 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Депутаттар «Бүткүл адам укуктарынын декларациясынын 70 жылдыгына жана 1938-жылдагы саясий репрессиянын курмандыктарынын 80 жылдыгынын урматына карата мунапыс тууралуу» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине депутат Талант Мамытов айтып берди.

Анын билдиргенине караганда, мыйза долбоорунда оор кылмыш жасабаган оорулуу жана жашы жете элек соттолуучуларга мунапыс берүү каралган.

«60 жаштан жогорку эркектердин жана 55 жаштан жогорку аялдардын, 1-2-топтогу майыптардын жаза мөөнөтүн кыскартуу же жаза өтөөдөн бошотуу пландалып жатат. Мындан тышкары үй-бүлөсүн жалгыз баккандарга дагы мунапыс берилет», -деди депутат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18