USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутат Нодирбек Каримов унаа башкарып баратканда соо болгон

09:37, 14 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда жол кырсыгына кабылган депутат Нодирбек Каримов окуя маалында соо болгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон жок. Депутат унаа башкарып бара жаткан маалда соо болгон. Анын рулду башкара албай жолдон чыгып кеткени аныкталды.

Эске салсак, Нодирбек Каримов, анын жубайы, энеси жана балдары кырсыкка кабылышкан. Кесепетинен энеси каза болуп, калгандары ооруканага жаткырылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18