USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын аймагында кылмыш кылган чет элдик жарандарды чыгаруу сунушталууда

16:06, 13 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын өкмөтү «Сырткы миграция тууралуу» Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутаттардын кароосуна калтырды.

Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында кылмыш кылган чет элдик жарандарды чыгаруу сунушталууда. Ошондой эле, аларга убактылуу же таптакыр Кыргызстанга кирүүгө тыюу салуу сунушталды.

Тыюу салуунун мөөнөтү 10 жыл болушу мүмкүн, тактап айтканда кылган кылмыш ишине жараша. ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асановдун айтымында, чет элдик жарандарды чыгаруу кийинки жылдан тарта ишке ашып калуусу мүмкүн.

Анын билдирүүсүндө, кылмыш кылган 360 чет элдик жаран бар. Аларды чыгаруу үчүн бюджеттен 2 миллиондон ашуун каражат каралмакчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18