USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Улуттук банк валюта курсун турукташтыруу үчүн 12 миллион 900 миң доллар сатты

14:54, 13 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Улуттук банк валюта курсун турукташтыруу үчүн 12 миллион 900 миң доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк кечээ экинчи ирет интервенция жасады. Эске салсак, буга чейин 5-ноябрда 10 миллион 850 миң доллар сатылган болчу.

«Бул айда жалпысынан 23 миллион 750 миң доллар сатылды. Жыл башынан бери Улуттук банк 8 жолу интервенция жасады», -деп жазылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18