USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланууда

11:29, 13 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн саат 05:00 чамасында жааган кардын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырым аралыгында көлөмү болжол менен 6000м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Кар көчкү оор жүк ташуучу унаанын четине тийип бирок унааны басып калган эмес. Ошондой эле 15 унаа өтө албай туруп калган.

Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18