USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бодибилдинг, менс физик жана фитнес бикини. Ачык чемпиондук өтөт

09:01, 13 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

16-декабрда бодибилдинг, менс физик жана фитнес бикини боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Бодибилдинг жана фитнес федерациясынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, аталган иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн келген жана жергиликтүү спортчулар катышат. Мелдеш Бишкектеги спорт сарайда өтөт.

Иш-чаранын максаты — бодибилдинг менен фитнести IFBB версиясында калкка жайылтуу, жашоочуларды спорт менен алектенүүгө чакыруу, сергек жашоо образын пропагандалоо, атлетчилердин чеберчилигин арттыруу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18