USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык спортчулар дзю-до боюнча эл аралык мелдеште 2 медалдын ээси болду

09:28, 12 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчулар дзю-до боюнча эл аралык мелдеште 2 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу ippon.org сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 81 килограмм салмак ченинде Владимир Золоев коло медаль тагынды. Ал эми 100 килограммдан жогорку салмак ченинде Юрий Краковецкий 3-орунду алды.

Мелдеш 9-11-ноябрь күндөрү Ташкентте өттү. Кыргызстандын атынан 11 спортчу катышты. Жалпысынан 47 өлкөдөн 350 спортчу ат салышты. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18