USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтөт

12:19, 05 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 7-ноябрдан тарта 16-ноябрга чейин Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кожомкул атындагы спорт ордосунда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн жарманкеси өтөт.

13үнөн 16-ноябрга чейин «Жаннат» мейманканасында мода жумалыгы өтөт. Анын алкагында «The Next Fashion» аталышындагы жаш дизайнерлердин сынагы уюштурулуп, «Fashion Brand» өндүрүш компанияларынын сынагы өткөрүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18