USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдө жол кырсыгында 1 киши каза тапты

10:22, 05 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кара-Коо жана Коңур-Өлөң айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Форд Фокус» жана «Фольксваген Пассат» унаалары сүзүшкөн. Анда экинчи унаанын айдоочусу окуя болгон жерде жан берген.

Кырсыкта 5 киши жабыркап, жакын арада жайгашкан ооруканага жеткирилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18