USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Балыкчы шаардык соту 2 жаштагы жээнин сабаган аялды 3 жылга эркинен ажыратты

14:24, 02 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаардык соту 2 жаштагы жээнин сабаган аялды 3 жылга эркинен ажыратты. Маалыматка караганда, ал күнөөнү мойнуна алды.

33 жаштагы аял баланы жамбашка чаап, ага кыйкырган. Бул убакта терезеден окуяны көргөн кошуналар милициягы билдиришкен.

«Баланы карап тур деп мага ташташкан. Мени менен күйөөм, жээним жана 4 бала жашачу. Ошол күнү базарга барып келсем баланын бетине жара чыгып калыптыр. Көрсө менин балам анын бетине ысык чай чачып жибериптир. Мен жээнимдин бетин тазалагам. Ошол күндүн кечинде күйөөм чалып калып, уруша кеттик. Муну уккан балдар ыйлап башташты. Мен аларга кыйкырып, уктагыла дегем. Жээнимди жамбашка чаап, урушкам», -деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18