USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы. Таласта «Айтыш» республикалык сынагы өтөт

15:17, 01 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарында «Айтыш» республикалык сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди. Айтымында, айтышка өлкөнүн бардык аймактарынан акындар катыша алат.

«Тандоо турунан 16 акын тандалып алынат. Сынакта акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, тапкычтыгына, аткаруучулук чеберчилигине жана сахна маданиятына көңүл бурулат», — дейт Асылбек Маратов.

Тандоо туру 5-ноябрда «Манас» кинотеатрынын чоң залында саат 10:00дө башталат. Ал эми айтыштын калган бөлүктөрү 8-ноябрда Талас облустук Капар Медетов атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлөт.

«Айтыш-2018» республикалык төкмө акындар сынагынын байге фонду 1 миллион сом.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18