USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 9 ай ичинде жол кырсыгынын кесепетинен 62 жаш балдар каза болгон

16:00, 31 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 9 ай ичинде 458 киши жол кырсыгында каза болгон. Алардын 62си жаш балдар. Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы прокуратуранын жазык жана жарандык сот чөйрөсүндө кайрылууларды карап чыгуу боюнча бөлүмдүн башчысы Марс Тентиев айтты.

Билдирүүгө ылайык, 9 ай аралыгында 5 миң 118 жол кырсыгы катталган. Алардын 265ине кылмыш иши козголгон.

«9 айда 4 миң 710 жол кырсыктары боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бул убакытта 6 000ден ашуун киши жаракат алышкан», -деди Марс Тентиев.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18