USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош шаары кышка даяр

17:55, 30 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаары кышка даяр. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVI-сессиясында маалым болду.

Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин айтымында, «Жылуулуккамсыздоо» ишканасындагы 80 откана жылуулук берүүгө толугу менен даяр.

«Күз-кыш мезгилине 12 миң тонна көмүр сатып алуу үчүн «Камалов» жеке ишканасы келишим түзүлгөн. Ошондой эле 6090 тонна мазут отуну даярдалды. Андан тышкары, «Газпром Кыргызстан» менен 6020 миллион метр куб өлчөмүндө жаратылыш газын алууга келишим түзүлгөн», -деди Асылбек Топчубаев.

Кошумчалай кетсек, шаарга жылуулук 1-ноябрдан тарта бериле баштайт. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18