USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өзбекстанда фермерлерди сууга салган вице-премьер жумуштан алынды

14:00, 30 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан премьер-министринин айыл чарба боюнча орун басары Зойир Мирзаев Ташкент облусунун Аккурган районундагы жаңжалдуу окуядан кийин кызматтан алынды.

Социалдык түйүндөрдө арыктын ичинде жер карап, тизеге чейин суу болгон алты кишинин сүрөтү 27-октябрда тараган.

​Маалыматтарга караганда, бул алты киши буудай талаалары жакшы сугарылбаганы үчүн уруш жеген.

Аларды вице-премьер-министр, Ташкент облусу менен Аккурган районунун жетекчилеринин көзүнчө жазалашкан.

Күбөлөрдүн айтымында, алты кишини арыктагы муздак сууга 40-45 мүнөт тургузушуп, андан соң суу кийимдери менен көчөдө чуркатышкан.

Бул окуя чоң чуу жараткан соң, 29-октябрда Өзбекстан президентинин жарлыгы менен вице-премьер-министр Зойир Мирзаев кызматтан алынды. Ушул эле күнү өзбек лидери мажбурлап иштетүүлөргө жол бербөө үчүн бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча буйрукка кол койду.

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18