USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутаттын катышуусундагы жол кырсыгы. Кылмыш иши козголо элек

09:03, 30 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Жол кырсыгына кабылган депутат Нодирбек Каримов окуя болгон күнү мас абалында унаа башкарганбы же жокпу, тартип сакчылары азыркыга чейин такташа элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй ИИББдан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, кылмыш иши козголгон жок. Милиция экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат. Кырсык болгон күндөн бери 8 күн өттү.
 
Эске салсак, Нодирбек Каримов, жубайы, энеси жана 2 баласы менен жол кырсыгына кабылып, анда энеси каза болгон. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилген. Депутаттын абалы орточо.
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18