КР Экономика министри Темир Сариев бүгүнкү пресс жыйында «Кыргызстанда бизнести экономикалык кылмыштарга каршы Мамкызмат гана текшерүүгө милдеттүү», - деди.
Айтымында, Экономика министрлигине укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөр болгону туурасында көп арыздануулар түшөт. «Башпрокуратура да, АКС да бизнеске байланыштуу иштерге кийлигишүүгө акысы жок. Тартип бузууларды маморгандар гана аныктоого тийиш», - деп кошумчалады.