Жумгал районунда сот залындагы чырдан кийин дайынсыз жоголгон милийса кызматкерин издөө иши токтотулду. Бул туурасында Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
5-марттагы ЧКМнын 7 куткаруучусунун издөө аракетинен да жыйынтык чыккан жок. Анын тууганы, ИИБ кызматкери Рустам Токтогуловдун макулдугу менен Жумгалдын суусуна ыргытылган милийсаны издөө иши токтотулганы маалым болду.
Эскертсек, 2014-жылдын 20-февралында Нарын облусунун Жумгал районунда сот процесси жүрүп жатканда Кара-Кече көмүр аймагында өлтүрүлгөн жигиттин туугандары темир тор артындагы күнөөлөнүп жаткан үч милийсага бензин чачып өрттөп, бирөөсүн сууга ыргытышкан. Натыйжада, алардын бирөөсүнүн жүз-келбети жана аркасы күйгөн. Дагы бир жабырлануучу ур-токмок менен райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми үчүнчү милийса - Рустам Токтогуловду токмоктоп, Жумгалдын суусуна ыргытышкан. Аны издөө 22-февралда башталган.
Белгилей кетчү жагдай, сотто бул милийса кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарынан пайдаланып, Жумгал районунун тургуну Айбек Мамбеталиевдин денсоолугуна атайы оор залал келтирген деген айыпка байланыштуу тергелип жаткан.