11:35
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11
Кыргызча

ЧКМ аба ырайы кескин өзгөрө тургандыгын эскертти

Кыргызстандын Чукул кырдаалдар министрлиги аба ырайы кайрадан кескин өзгөрө турганын эскертти. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы кабарлайт.

Анын билдирүүсүндө, аба ырайы кескин өзгөрүп, 8-9-мартта тоолу аймактарга жааган жамгыр карга айланат. Тоо этектерине жана тоолуу аймактарга кар жаап, тоң жүрөт. О.э. суу кар зымдарга жана бак-дарактарга тоңуп, жолдор тайгак болуп, кар көчкү болорун эскертет.

9-10-мартта абадагы температура Чүй, Талас, Ыссык-Көл облустарында төмөндөйт, айрым райондордун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10...-15, -20, күндүзү -3...-8ге чейин түшөт. 

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7...-12, күндүзү 0...-5, тоо этектеринде түнкүсүн -12...-17, күндүзү -4...-9гө чейин.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолордо түнкүсүн -20...-25, күндүзү -10...-15, бийик тоолуу аймактарында түнкүсүн -30...-35, күндүзү -15...-20га чейин.

ЧКМ мындай аба ырайынын шарты республика түштүгүндөгү айыл чарба иштерине тоскоолдук жаратып, талаадагы жайылган малга, о.э. автотранспорт, энергетика, коммуналдык кызмат тармактарына да кыйынчылык алып келерин эскертет.


Бизнес