10:48
USD 87.45
EUR 101.36
RUB 1.07
Кыргызча

МКК кызматкерлери Кыргызстандын премьер-министри федомстводогу партиялык экспериментти токтотсун дейт 

МКК кызматкерлери Кыргызстандын премьер-министри федомстводогу партиялык экспериментти токтотсун дейт. Бул өтүнүчтү алар Жантөрө Сатыбалдиевге жолдошту.

Алардын пикиринде, Мамлекеттик каттоо кызматы аталган кызмат түптөлгөндөн бери улуттук коопсуздук рамкасындагы тапшырмаларды укук коргоо органдары менен түзмө-түз жүргүзүүдө. Алгачкы милдет - базалык платформаны өнүктүрүү үчүн мамлекеттик башкаруудагы электрондук системаны иштеп чыгуу болгон. Учурда МККнын багытты аныктоочу өнүктүрүү темпи жана базалык документтери муктаждыктарды жараткан жери жок, анткени ал ведомство жетекчилигин улам алмаштырган партиялык кызыкчылыктарга төп келе бербейт.

Партиялык квоталардын негизинде түптөлгөн кадр саясаты эч кандай логикага сыйбайт, ошондон улам деструктивдешип, МККны 3 жылдан бери 7 төрага, анын 14 орун басары жана 3 статс-катчы башкарганын билдиришти. Мындай кадрлык башаламандыкта жемкорлукту да жокко чыгарууга болбойт жана дайындоолор менен бекиген жетекчилер партияга өтөгөн «өзгөчө эмгектери» менен келгенин айтышууда.

Тармактын эмгек жамааты кадрлык алмашуулардын көптүгүнөн жүдөп бүтүшкөнүн жана кезектеги «реформалардан» тажашканын билдирип, МКК жамааты премьер-министрди партиялык эксперттерди токтотуп иш жүргүзүүгө чакырып, эч болбосо компетенттүү жетекчилик менен бир жыл иштешүү мүмкүнчүлүгүн суранышууда.

Эскертсек, «Ар-Намыс» фракциясы Аскарали Төрөбаевдин талапкерлигин жашыруун добуш берүү менен тандаганына карабастан, алигиче МКК жетекчилиги дайындала элек. Аныгында, бул кызмат жетекчилигине көрсөтүлгөн кадр Жантөрө Сатыбалдиевге тааныштырылбаптыр.


Бизнес